Ссылки доступа

Адвокат абактагы саясий активист Ермек Нарымбайга кирип чыкты


Февралдын башында Казакстанга кайтып келгенден кийин аэропортто кармалган саясий активист Эрмек Нарымбаевге адвокаты Жанар Балгабаева кирип чыкты. Адвокаттын айтымында, Алматынын тергөө абагында отурган саясий активисттин абалы туруктуу.

— Соттун токтомуна ылайык, ал 2 жыл 5 ай жазасын өтөөгө тийиш. Биз бул токтомду жокко чыгаруунун үстүндө иштейбиз. "Чек арадан мыйзамсыз өтүү" иши жөнүндө айтсак, бул иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жабылышы же мунапыска илиниши керек, – деди адвокат Жанар Балғабаева.

Ермек Нарымбай 2010-жылдагы нааразылык акциялардан кийин төрт жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 2015-жылы күзүндө жарандык активист Серикжан Мамбеталин экөө социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында "Көчөдөн соккон жел" аттуу китептеги үзүндү менен бөлүшкөнү үчүн соттолгон. Нарымбай үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк эки активисттин кылганына өкүнүп жатканы жазылган каттары жарыяланган. Апелляциялык сот Нарымбайдын абактагы мөөнөтүн үч жылга эркиндигин чектөө жазасына алмаштырган. 2016-жылы ал тыюу салынганына карабастан Казакстандан чыгып кеткен.

Январь окуяларынан кийин Нарынбай мекенине кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген. Полиция аны аэропорттон кармап, 2016-жылы пробациялык көзөмөлдү бузганы үчүн тергөө абагына камаган.

Видео

XS
SM
MD
LG