Ссылки доступа

Өзбекстандын ТИМ башчысы: Талибдер Ооганстанды "террорчулардан тазалап жатат"


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен талибдердин лидерлеринин бири Мулла Барадар. Ташкент шаары
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен талибдердин лидерлеринин бири Мулла Барадар. Ташкент шаары

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов "Талибан" кыймылы Ооганстанды террорчулардан тазалап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Латвиянын ТИМ башчысы Эдгарс Ринкевичс менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында айтты.

"Талибдер өлкөнү террорчулардан тазалоо үчүн өтө көп иш кылып жатышат. Мындан тышкары алар аймактык жана эл аралык экономикалык коомчулуктар менен интеграция болууну каалашат. Биз алардын мындай аракеттерин колдоп, ошол эле маалда зомбулукту токтотуу, терроризмди жок кылуу, ынтымактуу коңшулук мамилелерди түзүү жана ооган элинин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу шарттарыбызды талап кылышыбыз керек", — деди Камилов.

Анын айтымында, Ооганстанга техника жана уюштуруу жагынан жардам берүүдөгү Өзбекстандын жалгыз максаты — бул өлкөдө гуманитардык катастрофаны болтурбоо. Министр өзбек тараптын демилгеси менен Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүүнү уюштуруу үчүн Термезде көп функциялуу эл аралык транспорттук хаб түзүлгөнүн дагы бир жолу белгиледи.

"Албетте азыр бул өлкөдөгү убактылуу өкмөттү таануу же тааныбоо боюнча түрдүү пикирлер бар. Биз талибдердин өкмөтүн таануу маселеси алардын аракетине жараша чечилиши керек деп эсептейбиз. Тактап айтсак, убактылуу өкмөт өз убадаларын аткарышы керек. Бул ошол эле эл аралык коомчулук коюп жаткан шарттар менен талаптар деп айтсак болот", — деди Камилов.

Талибдер Ооганстанда бийликти 2021-жылы августта басып алышкан. Азырынча алар түзгөн өкмөттү дүйнөдө бир да өлкө тааный элек.

XS
SM
MD
LG