Ссылки доступа

Тажикстандан Орусиянын шаарларына авиабилеттер кымбат бойдон калууда


Тажикстандан Орусиянын шаарларына аткарылган аба каттамдарынын саны коронавирус пандемиясы баштала электеги көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу тажик өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Икром Субхонзода билдирди.

Анын айтымында, учурда Тажикстан менен Орусиянын ортосунда аптасына 120 каттамдан аткарылууда.

Ошол эле маалда Субхонзода эмнеге Орусияга авиабилеттер кымбат болуп жатканы тууралуу журналисттердин суроолоруна так жооп берген жок. Ал болгону авиакомпанияларга билет бааларын жогорулатпашы керектиги боюнча эскертүү берилгенин гана айтты.

"Биздин агенттик авиабилет бааларынын негизсиз жогорулашына каршы. Биз кырдаалды көзөмөдөп, чараларды көрөбүз. Орусияга билеттер каттамдарды аткарган компаниялардын чыгашасынын чегинде болушу керек", - деди Субхонзода.

10-февралда "Озоди" радиосунун кабарчысы Душанбедеги авиакассалардын бирине барып, Орусиянын шаарларына бир тарапты көздөй билеттердин баасы 6 миң сомониден (530 доллар) сатылып жатканына күбө болуп келген. Баалардын кымбаттыгынан улам тажик жарандарынын көбү билеттерди Өзбекстандын авиакомпанияларынан сатып алып, Орусияга Ташкент, Самарканд жана Термез шаарлары аркылуу кетип жатышат.

Бүгүнкү күндө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдарын орусиялык "ЮТэйр", "Урал аба жолдору", "Сибирь", "Ямал" жана тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниялары аткарууда.

XS
SM
MD
LG