Ссылки доступа

Путин: Орусия январь окуяларында Казакстанга "колдоо көрсөттү"


Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, январь окуялары маалында Москва коңшу өлкөгө "колдоо көрсөткөнүн" билдирди.

Анда Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) "сырттан агрессия болгонун" билдирген Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга 2 миңден ашык аскерин жөнөткөн.

Путин Токаев менен жолугушуусунда "январь окуяларына чет өлкөдөн кийлигишүү болгон" деген Нур-Султандын версиясын колдоп, Казакстан "өлкө ичиндеги кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланган эл аралык кылмыштуу топтордун курмандыгы болгонун" айтты.

"Январдын башындагы окуялар "эл аралык террорчулардын жана бандиттердин кылдаттык менен даярдалган операциясы" болгон. Алардын максаты – Казакстанга зыян келтирип, конституциялык түзүлүштү бузуу жана мамлекеттик төңкөрүш жасоо болгон", - деди Путин. Ошол эле маалда эки өлкөнүн бийлиги тең чет өлкөдөн террорчулар келгенин ырастаган эч кандай далилдерди келтире элек. Казакстандагы башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти бир да террордук уюм өзүнө алган эмес.

Эксперттердин көбү ЖККУ аскерлеринин киргизилиши Орусиянын Казакстандагы позициясын күчөттү деп божомолдоп жатышат. Мындай пикирлерге акыркы апталарда Токаев Орусияга карата "союздук мамлекет" деген сөз айкашын көп колдонуп жатканы да түрткү болууда.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы 10-февралдагы жолугушуунун жыйынтыгында тараптар "билим берүү, темир жол транспорту, санариптештирүү, космосту өздөштүрүү жана атомдук энергетика жаатында адистерди даярдоо тармактары боюнча" бир катар документтерге кол коюшканын кабарлады.

Бүгүнкү күндө Казакстан Кремлдин таасиринде калууда. Нур-Султан Москва үстөмдүк кылган эки уюмдун – Жамааттык коопсуздук келишим уюму менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Москва Казакстанды өз таасиринин салттуу аймагы катары гана эмес, товарларын сата турган базар катары да карап келет. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 7,5 миң чакырымды түзөт. Бул дүйнө боюнча кургактыктагы эң узун чек ара сызыгы болуп саналат.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач Маңгыстау облусунда 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Алматыдагы нааразылык акциясы башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолгон.

Алматыдагы башаламандыктардан улам Токаев 6-январга караган түнү "террордук коркунучту жөнгө салуу" деген жүйө менен ЖККУга жардам сурап кайрылган. 6-7-январь күндөрү уюмга мүчө Армения, Беларус, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстанга кирип, 19-январга карата кайра толук чыгып кетишкен. Анда алар эч кандай операцияларга катышпаганы, "стратегиялык маанидеги" имараттарды гана кайтарганы кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуяларында жалпысынан 227 киши каза тапкан. Бирок укук коргоочулар каза болгондор мындан көп экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG