Келишимге ылайык, Министрлер кабинети орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болду. Бул иштер аяктагандан кийин Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2021-жылы март айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу долбоору боюнча Орусия менен соттошсо "утулуп калат" деп билдирген.
2012-жылы Орусиянын каражаты менен башталган "Жогорку Нарын ГЭС каскадынын" курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын "иш жылбай жатат" деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.
Орусия бул долбоорго "РусГидро" компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.
2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген. Учурда бул объект "Электр станциялары" ишканасынын көзөмөлүндө.