Расмий маалыматка караганда, шаардын аба майданы 83 миллион долларга жаңыланууда. Былтыр учуу-конуу тилкеси кайрадан салынган. Жаңы терминал курулуп, ушул тапта ичи жасалгаланууда. Жол инфраструктурасы, автоунаа токтотмо жайы жана жарыктандыруу системалары салынууда.
Терминалдын имараты окумуштуу Мирзо Улугбектин негизги эмгеги эсептелген "Зижи жадиди Курагонийди" (Курагонинин жаңы астрономиялык жадыбалы) даңазалап, ачылган китеп түрүндө салынган. Анын узундугу – 175, бийиктиги – 25 метр. Терминал саатына 800 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкташтырылган.
Аэропорт "ачык асман" режиминде иштейт. Треминал кийинки айда ишке берилет.