Ссылки доступа

Маңгыстау облусунда дагы үч ишкананын жумушчулары бийликке талап коюшту (видео)


Казакстандын Маңгыстау облусунда дагы үч компаниянын жумушчулары өлкө президентине видеокайрылуу жасап, эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыктарды жогорулатууну талап кылышты.

Облустагы Сайотес айылында жайгашкан "ПЧ-12" ишканасынын темир жолчулары социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо: "Баалар өсүп, коммуналдык төлөмдөр менен дары-дармек кымбаттап жатат. Маянабыз аз. Айлык 500 миң теңгеден (1100 доллар) аз болбошун талап кылабыз", — деп билдиришти.

Мындан тышкары алар жумушчуларды акысыз түшкү тамак менен камсыздап, пенсияга 57 жашта чыгарууну талап кылышты. "Эгер биздин талаптар аткарылбаса, анда 10-мартта иш таштайбыз. Бул кырдаалга "Казакстан темир жолу" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаевди көңүл бурууга чакырабыз", — деген жумушчулар.

Ушул аптада аймактагы "РЦКУ-Актау" коммуналдык ишканасынын жумушчулары да президент Касым-Жомарт Токаев менен Маңгыстау облусунун башчысы Нурлан Ногаевге видеокайрылуу жасап, айлыктарды жогорулатууну жана аларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Облустагы мунай өндүрүүчү "Емир Ойл" компаниясынын жумушчулары да ишканада коопсуздук эрежелери бузулуп жатканын айтып, эмгек шарттарын жакшыртууну жана тиешелүү коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыз кылууну талап кылышты. Алар компанияда текшерүү жүргүзүлүп, жетекчилик иштен алынышы керектигин айтып, болбосо иш таштай тургандыктарын билдиришти.

Маңгыстау облусунда жумушчулардын нааразылыктары февралдын башынан бери токтобой келет. Шаршемби күнү "КазМунайГаз" компаниясынын Жаңы-Өзөн шаарындагы туунду ишканасы эсептелген KMG-Security күзөт кызматынын жумушчулары иш таштап, талаптары аткарылгандан кийин кайра жумушка чыгышкан. "Бургылау" мунай-сервис ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу 10-февралда да уланды. Алар бийликке ондон ашык талап коюшкан. Арасында ашыкча жумуш үчүн акы төлөө, айлыктарды жогорулатуу жана жетекчиликти алмаштыруу талаптары бар.

XS
SM
MD
LG