Ссылки доступа

Ондогон тажик мигранттары Москва полициясына даттанышты


Тажик мигранттары автобуста. Архив.

Москвада 30дай тажик мигранты полиция бөлүмдөрүнөн мобилдик телефондорун, кийимдерин жана жалпысынан жарым миллион доллар акчасын ала албай жүргөнүнө даттанды.

Алар быйыл 27-январда көмүскө шарап чыгарган цехте иштеп жаткан учурда кармалып, эки күндөн кийин кайра бошотулган. Орус бийлиги мигранттардын мүлкү тергөө органдарында далил катары сакталып турганын билдирди.

"Мигранттардын телефондору жана буюмдары тергөө органдарында. Алар тергөө аяктагандан кийин кайтарылып берилет", —деди "Южное Бутово" райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөттөгү кызматкери.

Цех Армениянын жаранына таандык болгон. Тажик мигранттары цехте текшерүү болгондон кийин ал изин жашырып кеткенин айтып жатышат.

Мигранттардын бири Зайдулло Шовалиев буюм-тайымдарын жана акчаны кайтарып берүүгө жардамдашуу өтүнүчү менен элчиликке да кайрылышканын билдирди.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги мигранттар бир нече ай мыйзамсыз иштешкени аныкталганын, жумушка орношордон мурун иш берүүчүнүн лицензиясын суроо зарылдыгын белгиледи.

Видео

XS
SM
MD
LG