Ссылки доступа

Кыргызстанга кирүүдө эмдөөдөн өткөн жарандар ПЧР–тест тапшырбайт


Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан 11-февралдан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылынбайт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы мындай чечим 10-февралда өкмөттө коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинде кабыл алынганын билдирди.

Мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.

Кыргызстан былтыр 1-декабрда өлкөгө киргендердин бардыгын эмделгенине карабай ПЧР-тесттен өтүүгө милдеттендирген. Мындай чектөөлөр коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу киргизилген.

Өлкөдө 11-февралга карата пандемия башталгандан бери коронавирустан 2920 адам каза болуп, вирус 199 миңден ашык кишиге жукту.

XS
SM
MD
LG