Ссылки доступа

Ашхабад дүкөндөрүндө нан тартыштыгынан жаңжалдар көбөйдү


Түркмөнстанда нандын тартыштыгынан улам көпчүлүк учурларда жаңжалдар чыгып, алар кардарлар менен дүкөнчүлөрдүн ортосундагы чырлашуулар менен коштолууда.

9-февралда Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдүн биринде нан жетишсиздигинен улам кардарлар урушуп кетип, имараттын айнеги талкаланганы белгилүү болду. Бир нече күбөнүн айтымында, таңы саат төрт чамасында дүкөндүн алдында 100дөй киши кезекте турган.

"Эртең менен адаттагыдай эле кезекке тургандардын көбүнө нан жетпей калды. Нааразылык билдирүү үчүн жарандар ачык эле дүкөндүн айнегин талкалап, мамлекеттик мүлктү зыянга учуратышты", - деди күбөлөрдүн бири.

Дүкөн кызматкерлери топтолгон кишилерди таркатуу үчүн полиция чакырышкан. Полиция келгенге чейин алар тарап кетишкен. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери териштирүү иштерин баштады.

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө нан өкмөт белгиленген баада – 1,2 манттан сатылат. Бул Борбордук банктын курсу боюнча 0,34 доллар. Бир кишиге үчтөн ашык бөлкө сатылбайт. Коммерциялык дүкөндөрдө нан бир нече эсеге кымбат.

XS
SM
MD
LG