Ссылки доступа

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан бир кыргызстандык каза болгону аныкталды (видео)


Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 1966-жылы туулган кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Жарылуу 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы "Зитерия" жеке дарылоо-диагностикалык борборунда болгон. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

ТИМдин маалыматына караганда, жарылуу фактысы боюнча "Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин "Оздолик" радиосу жарылуу жеке клиникада болгонун, андан 55 жаштагы бейтап мерт кеткенин кабарлаган. Маркумдун жарандыгы айтылган эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарылуудан жабыркагандардын саны 11 кишиге жеткенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG