Ссылки доступа

Өткөн жылы Тажикстанда 20 миңге жакын ишкер ишин токтоткон


Около 20 тысяч таджикских предпринимателей прекратили деятельность . Почему?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Өткөн жылы Тажикстанда 20 миңден ашык ишкерлик субъект ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул тууралуу өлкөнүн Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетинин жетекчилери билдиришти.

Мекеменин жооптуу кызматкери Самариддин Шамсимадзоданын айтымында, былтыр өлкөдө ишин токтоткон ишкерлердин саны 4 миң кишиге көйбөгөн. Буга чейин Тажикстанда жыл сайын 10 миңден 15 миңге чейин ишкерлик субъект ишин токтото турганы кабарланган.

"Алардын жабылуусунун негизги себеби — атаандаштыкка туруштук бере албай калганы. Мындан тышкары ишкерлер өнүгүү планын туура түзүүнү, маркетинг менен эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн билишпейт. Ошондой эле айрымдары салык мыйзамдарын аткарышпайт", — деди Шамсимадзода.

Бирок тажикстандык экономист Фозилжон Фатхуллоев ишкерлер негизинен салыктардын жогору экендигине жана түрдүү мекемелерден келген текшерүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу ишмердүүлүктөрүн токтотуп жатышат деп эсептейт.

"Бийлик ишкерлерге колдоо көрсөтпөйт. Кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү өз ишмердүүлүктөрү үчүн инвестицияларды талап кылышпайт, алардын көбү салыктар жогору болгондуктан жабылып жатышат. Салык жеңилдиктери берилсе бизнесмендердин көбү ишин улантат. Менин көз карашым боюнча дагы бир себеби — улуттук валютанын туруксуз болушу", — деди Фатхуллоев.

Ал ортодо Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин өкүлдөрү бийлик ишкерлерге көңүл бурбай жатканы тууралуу кептерди четке кагууда. Мекеме башчысы Саъди Кодирзоданын айтымында, 2021-жылы өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 8,8 миллиард сомони өлчөмүндө насыя берилген жана бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 28% көп.

Эл аралык эксперттер тажик бийлигин кичи жана орто бизнестеги чектөөлөр, ошондой эле салыктардын жогору экендигине байланыштуу дайыма сындап келишет. Алар Тажикстандагы ишкерлик жана инвестициялар тармагы толук реформага муктаж деп эсептешет.

Тажикстандын Салык комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 338 миң ишкерлик субъект бар.

XS
SM
MD
LG