Ссылки доступа

Өзбек өкмөтү жөнөткөн мигранттар Орусияда ишсиз калганына даттанышты


Өзбекстандын Эмгек министрлиги Орусиянын Смоленск облусундагы балык комбинатына жөнөткөн мигранттар жумушсуз жана акчасыз калганына даттанышты. Алардын бир бөлүгү ишсиз калгандан кийин Москвага келишкен.

– Биз Орусияга "мамлекет бизди иш менен камсыздайт" деген документтин негизинде келгенбиз. Эгер фирма өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жумуштан бошотуп таштаса, биз эмне кылышыбыз керек? Иш берүүчү бизге жумуш да, акча да берген жок. Каттоого турууга жана патент алууга көмөктөшпөдү. "Качан патент жасап бересиңер"? деп сурасам, ал мени үй-бүлөм менен көчөгө кууп чыкты, ​– деди Фаррух аттуу мигрант.

Мигранттар Орусияга Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин негизинде келишкенин айтышты.

Смоленск облусунда жолу болбой Москвага келген өзбекстандыктардын бир бөлүгүнө ушул тапта кайдыгер карабаган мекендештери жардам берип, убактылуу батирлерге жайгаштырышты.

Бул арада өзбек өкмөтү Орусияга дагы көбүрөөк мигрант жөнөтүүнү пландап жатат. Маселен, Өзбекстанда курулуш тармагына 10 миң, агроөндүрүш комплексине 1108 кишинин жөнөтүү боюнча пилоттук долбоор башталды.

XS
SM
MD
LG