Белгилүү марафончу Марат Жыланбаевдин айтымында, полиция кызматкерлери анын үйүнүн кире беришинде күзөттө тургандыктан, ал автоунаасы менен экинчи дарбазасы аркылуу чыгып, эскерүү митинге өтө турган аянтка барган.
"Автоунаамды стадиондун жанына токтотуп коюп, акимчиликти көздөй чуркап жөнөдүм. Полиция кызматкерлери отурган автобуска жакындаганымда мени токтотууга аракет кылышты. Мен чуркап жүргөнүмдү айтканыма карабастан артыман кууп жөнөштү. Мен мойнума ороп алган желекти булгалап чуркадым. Ал жерде темир тосмолор көп болгондуктан, мага тез эле жетип алышты. Андан соң адаттагыдай эле Сарыарка райондук полиция бөлүмүнө жеткиришти", — деди ал.
Жыланбаевдин айтымында, ал жактан аны сүрөткө тартып, чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов жөнүндө сурашкан.
— Мен аянтка Токаевдин буйругу менен адамдар атылганына 40 күн болгону үчүн келгенимди айттым. Үч сааттан кийин бошотушту. Ал жер мага тааныш, буга чейин да төрт жолу ошол жерге жеткирилгем, — деди ал.
Жыланбаев полиция бөлүмүндө аны менен чогуу Куат атуу активист менен баш калаанын дагы бир тургуну кармалып турганын билдирди. Алардын бири митингге, экинчиси Саясий репрессиялардын курмандыктарынын монументине гүл коюу үчүн барганда кармалган.
13-февраль күнү эртең менен Нур-Султан полициясы жумушка бараткан жарандык активист Алмаз Матайды да кармаган. Мындан тышкары полиция бери дегенде эле дагы үч активисттин — Нурсултан Тастаев, Асет Канжебеков жана Марат Мусабаевдин үйлөрүнүн алдында күзөт уюштурушкан.
Жекшемби күнү эртең менен Кокшетау шаарында полиция кызматкерлери активист Марат Жанузаковду үйүнөн алып кетишкен. Бул тууралуу "Фейсбук" соцталдык түйүнү аркылуу анын кызы Айман Жанузакова билдирди. Ошол эле күнү Акмоло облусунун Шортандин районунда жашаган жарандык активис Амангельды Жахин полицияга чакырылган.
Акмоло облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы Жанузаков кылмыш иштеринин бири боюнча "күбө катары" суракка алуу үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлады. Мекемеден кеп кайсы кылмыш иши тууралуу болуп жатканын так билдиришкен жок.
Жекшемби күнү Казакстандын бир катар аймактарында январь окуяларында каза болгондорду эскерүү акциялары өттү. Алматыдагы Эгемендик монументинин алдына топтолгон жарандар саясий ураандарды кыйкырып, анын ичинде президент Касым-Жомарт Токаевге импичмен жарыялоону да талап кылышты.
Аягында полиция бул акциянын бир нече катышуучусун кармап кетти. Андан соң чогулгандар прокуратурага барып, өз талаптарын кагаз жүзүндө жазып берүүгө макул болгондон кийин кармалгандар бошотулду.
13-февралда полиция кызматкерлери Жаңы-Өзөн, Чымкент, Актөбө жана Орол шаарларында да активисттердин үйлөрүнүн алдында күзөт уюшутруп, айрымдарын кармап кетишкен.