Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттик кызматка Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү


Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги мамлекет башчысы кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Salamnews_rus кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынды. Буга чейин бул партия талапкерлигин сунуштаган Гурбангулы Бердымухамедов үч жолу өлкө президенти болуп шайланган.

Түркмөнстандын президенти 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында "жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин" айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан эле 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилеген.

Кто такой Сердар Бердымухамедов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Сердар Бердымухамедов былтыр сентябрда 40 жашка чыккан. Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Что Бердымухамедов сделал за 15 лет правления и в каком состоянии он передает страну
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2006-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан 1991-жылы СССРден көз карандысыздык алгандан бери өлкөдө эркин жана таза шайлоо өтпөгөнүн билдирип келишет.

Видео

XS
SM
MD
LG