Ссылки доступа

"Казакстан" телерадиокорпорациясынын директорлор кеңешин Токаевдин басма сөз катчысы жетектейт


Берик Уали
Берик Уали

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали "Казакстан" мамлекеттик телерадиокорпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты экс-президент Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай ээлеп келген.

Берик Уали Токаевдин басма сөз катчысы болуп 2019-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин жаңылыктар программаларында журналист, редактор, ошондой эле бийликтеги "Нур Отан" партиясынын төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси жана Жамбыл облусунун ички саясат башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

"Казакстан" телерадиокорпорациясынын сайтында ал "мамлекеттин маалыматтык саясатын ишке ашыра турганы" жазылган. Корпорациянын курамына Qazaqstan, Qazsport, Balapan, Abai tv телеканалдары, "Казак радиосу", Shalqar, Astana, Classic радиолору жана аймактык телерадиокомпаниялар кирет.

XS
SM
MD
LG