Ссылки доступа

"Барки точик": Ооганстан Тажикстанга электр энергиясы үчүн карызын төлөй элек


"Барки точик" энергохолдингинин имараты
"Барки точик" энергохолдингинин имараты

Тажикстан өткөн жылы коңшуларына 2,4 миллиард кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 911,6 миллион кВт/саатка көп. Бул тууралуу "Барки точик" энергохолдингинин жооптуу кызматкери 14-февралда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ошол эле маалда электр энергиясын экспорттоодон түшкөн киреше 2021-жылы 404,6 миллион сомонини түзүп, 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 232,6 миллион сомониге (20 миллион доллар) аз болгон.

"Бул Ооганстандын "Брешна" деген энергетикалык компаниясы жеткирилген электр энергиясынын акысын өз убагында бербегенине байланыштуу. Азыр аларда каражат которуу боюнча бир катар чектөөлөр бар", — деди "Барки точиктин" өкүлү.

31-январда "Барки точиктин" башчысы Мухаммадумар Асозода ооган компаниясы электр энергиясы үчүн январда тажик тарапка 2 миллион доллар төлөгөнүн, кийинки айда карызды толугу менен жабат деп күтүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө "Брешна" компаниясынын электр энергиясы үчүн Тажикстанга карызы 33 миллион доллардан ашат.

Тажикстан дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле "Талибан" кыймылы түзгөн Ооганстандагы өкмөттү тааный элек, бирок мурдагыдай эле бул өлкөгө электр энергиясын жеткирүүнү улантып келет.

Тажикстан Ооганстандан тышкары электр энергиясын Өзбекстанга да экспорттойт. "Барки точик" компаниясынын маалыматына караганда, өткөн жылы Өзбекстан Тажикстандан 258,8 миллион сомониге (22,9 миллион долларга) 1 миллиард кВт/саат электр энергиясын сатып алган.

Ошол эле маалда былтыр октябрь-декабрь айларында Тажикстандын айрым райондорунда тургундар электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанышкан. Өз кезегинде "Барки точик" калкка электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү оңдоо иштери менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG