Ссылки доступа

Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өзбек жарандарын дипмиссия менен байланышта болууга чакырды


Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Телеграм-каналы аркылуу Украинадагы өзбек жарандарына кайрылып, аларды "такталбаган, жалган маалыматтарды таратпоого жана дүрбөлөңгө түшпөөгө" чакырды.

Ошол эле маалда билдирүүдө элчилик дайыма Украинанын мамлекеттик органдары менен байланышта экени белгиленип, өзбек жарандарына маселе жаралса дароо дипломатиялык өкүлчүлүккө электрондук почта же телефон аркылуу кайрылуу сунушталган.

Элчиликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясынын учактары Киевге туруктуу аба каттамдарын аткарууда. Каалоочулар Өзбекстанга ошол учактар менен кайтып барышса болот. Мындан тышкары Киев-Ташкент багыты боюнча жакынкы аба каттамдары 16чы жана 20-февраль күндөрү аткарылат.

Буга чейин дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсү өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG