Ссылки доступа

Түркмөнстан эл каттоого даярдык көрүүдө (видео)


Ашхабад шаары, февраль, 2022-жыл
Ашхабад шаары, февраль, 2022-жыл

Түркмөнстанда Калк Маслихатынын 11-февралдагы жыйынында "2022-жылы элди жана турак жай фондун толук каттоодон өткөрүү планы" талкууланып, бул иш-чара боюнча кандай даярдыктар жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар угулду.

Планга ылайык, Түркмөнстанда туруктуу жашагандар, мамлекеттик кызматтар аркылуу 1 жылдан ашык убакытка кызматтык сапар менен чет өлкөгө кеткен түркмөн жарандары, ошондой эле чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган түркмөнстандыктардын саны такталат.

Жыйындын журүшүндө өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин жетекчиси 2021-жылдын 17-27-декабрь күндөрү сыноо иретинде эл каттоо жүргөнүн билдирди. Ал санариптик технологияларды колдонуу менен өткөрүлгөн ал каттоонун жыйынтыктарын айткан жок.

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедов бийликке келгенден бери калктын саны тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек. Бийлик акыркы жолу 2006-жылы маалымат берип, өлкөдө 6,7 миллион киши жашай турганын билдирген.

2012-жылы декабрда эл каттоо өткөнү менен анын жыйынтыктары да жарыяланган эмес.

Эксперттер калктын саны тууралуу маалыматтардын жарыяланбаганы бийликтин өлкөдөгү демографиялык кризисти расмий таанууну каалабай жатканы менен байланыштырууда.

2021-жылы жайында "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдө калктын саны туруктуу түрдө азайып жатканын кабарлаган. Басылманынын мамлекеттик органдардагы өз булактары өлкөдө болгону 2,7 миллион гана адам калганын билдиришкен.

2019-жылы радио өз булактарына таянып, акыркы 10 жылдын ичинде Түркмөнстандан 1,9 миллион киши чыгып кеткенин билдирген.

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG