Ссылки доступа

Тажикстанга Ооганстандан миң даана Куран китеби ташылып келингени аныкталды


Жыл башында Тажикстандын Хатлон облусунун бажы башкармалыгы чек арадан жалпы салмагы 13 тоннаны түзгөн 1000 даана Куран китебин алып койгон.

Расмий маалыматка караганда, китептер Ооганстандан "Төмөнкү Паянж" көзөмөл-өткөрмө бекетинде ташылып баратканда коопсуздукту эске алуу менен алынган. Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети бүтүм чыгарганга чейин алар Бохтарда сакталат.

"Озодинин" өз булагы кабарлагандай, Куран Тажикстанга расмий түрдө, декларациянын негизинде алынып келинген. Китептерди мазмунун текшерүү үчүн убактылуу алып коюшкан. Тажикстанга бул китептерди ташып келген ишкердин ысымы айтылган жок.

Бажы комитетинин Хатлон облусу боюнча башкармалыгы эгер китептер Тажикстанда тыюу салынган болсо, ишкер аны Ооганстанга кайтарып берүүсү керек экенин белгиледи.

Китептер жүк ташуучу унаа менен алынып келинген, ар бир Куран 2,5 килограмм салмакта. Ал арабчадан бир нече тилдерге которулган.

Хатлон облусунун бажы башкармалыгы 2021-жылы Тажикстанга жеткирилген 27 миң том Куран китеби кайра Ооганстанга кайтарылганын белгиледи. Мекеме өкүлүнүн айтымында, жыл башында кармалган китептер дал ошол кайра кайтарылган Куран болушу мүмкүн.

Бир нече жыл мурун тажик бийлиги Тажикстанга тыюу салынган адабияттарды алып кирүүгө каршы кескин чара көрүү чечимин кабыл алган. 2017-жылы өлкөнүн Маданият министрлиги китептерди уруксатсыз алып чыгууга жана алып кирүүгө тыюу салынганын жарыялаган. Дин иштери боюнча комитет жана Тажикстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө тыюу салынган адабияттардын тизмесин жарыялаган. Комитеттин алдында атайын кеңеш түзүлгөн: ал диний китептерди алгач изилдеп чыгат, андан соң Тажикстанга бул басылманы алып кирүү же четке кагуу боюнча чечим чыгарат. Укук коргоо уюмдары бийликтин бул чечимин сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG