Ссылки доступа

Өзбек бийлиги Франциядан Гүлнара Каримовага таандык дагы $10 млн кайтарылганын билдирди


Гүлнара Каримованын кылмыштуу жол менен тапкан 10 миллион доллар каражаты Франциядан Өзбекстанга кайтарылды. Бул тууралуу 15-февралда Өзбекстандын Юстиция министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө 2020-жылы май айында да Франциядан Каримовага таандык 10 миллион доллар кайтарылганы белгиленген. Бүгүнкү күндө өзбек бийлиги экс-президенттин кызынын чет өлкөлөрдөгү калган мүлкүн кайтаруу үчүн Швейцария, АКШ, Франция, Орусия жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, Каримованын мүлктөрүн кайтаруу боюнча Швейцария менен Өзбекстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 11-февралда өткөн.

"Анда тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун көп тараптуу трасттык фондун түзүү тууралуу макулдашышты. Фонддун ишмердүүлүгү Гүлнара Каримовага каршы козгологон кылмыш иштеринин алкагында конфискацияланган активдерди кайтарууга багытталат. Мындан тышкары ал Швейцариядагы кийинки кылмыш иштеринин алкагында конфискациялана турган бардык активдерди кайтаруу үчүн да иштейт. Бүгүнкү күндө 131 миллион долларлык актив Өзбекстанга кайтарууга даяр турат", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Министрликтин маалыматына ылайык, Москва шаардык соту Гүлнара Каримовага жана анын шериктерине карата чыккан өзбек сотторунун өкүмдөрүн тааныган. Бүгүнкү күндө орус тарап Өзбекстанга кайтарып берүү үчүн конфискацияланган мүлктөрдү сатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ташкент шаардык соту 2020-жылы мартта Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан. Ал "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ыксыз сарптоо", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" сыяктуу бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган. Каримова учурда Ташкент облусундагы аялдардын №21 абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG