Ссылки доступа

Чымкентте тергөө абагындагы активистке психиатриалык экспертиза дайындалды


14-февралда Чымкенттеги Аль-Фараби райондук соту "Социалдык ажырымды козутту", "Терроризмге үгүттөө" жана "Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу" беренелери боюнча айыпталып жаткан активист Ерулан Амировго соттук-психиатриалык экспертиза дайындады.

Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына анын адвокаты Мурат Жолшиев билдирди.

Декабрда активисттин апасы Шарипа Ниязова ал атайын кызматтын тергөө изоляторунда суицид жасоого аракет кылганын кабарлаган. Кийин Амировду Ички иштер министрлигинин жаза аткаруу комитетинин тергөө абагына которушкан. Адвокаттын айтымында, активист сот жараянына онлайн катышты.

Мурат Жолшиевдин билдиришинче, ал Амировдун апасы менен бирге соттук-психиатриалдык экспертиза жүргүзүү боюнча арыз тапшырган. Прокуратура жана түзөтүү мекемеси бул өтүнүчтү кабыл алган.

— Судья Алматы облусунда экспертиза жүргүзүү боюнча токтом чыгарды. Эми соттук экспертиза институту Амировду психиатриалык ооруканага жаткыруу-жаткырбоо маселесин карайт, — деди Жолшиев.

Ерулан Амировдун соттук иши 25-январда башталган.

2021-жылы мартта Ерулан Амировго "Социалдык ажырымды козутуу", "Терроризмди үгүттөө" жана "Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал соцтармактарга бийликти сындаган видеолорду жайгаштырган.

Июнда адистештирилген тергөө соту активистти психиатриалык ооруканага жаткыруу боюнча токтом чыгарган. Августта Алматы облусуна караштуу Актас айылындагы оорукана анын айыкканы жөнүндө маалымкат берген.

Өткөн жылдын аягында Амировдун апасы Шарипа Ниязова уулун Улуттук коопсуздук комитетинин Чымкент шаары боюнча департаментинин тергөө изоляторунан тапканын айткан.

Шарипа Ниязова уулу психикалык жактан жабыркай турганын, психиатриалык каттоодо болбосо да, ага "шизофрения" диагнозу коюлганын билдирген.

2021-жылы декабрда активисттер Ерулан Амировду бошотууну талап кылышкан. Казакстандык укук коргоочулар аны саясий туткундардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG