Кяризовдун айтымында, мындай чечимди ал президенттикке мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин кабыл алган.
Оппозиционер анын “фараондордун тукуму сыяктуу чексиз династиялык формада” өлкөнү башкарары кыжырын келтиргенин белгиледи.
"Чындыгында алар бир жылдан ашык убакыттан бери мамлекетти чогуу башкарууда. Ар биринин өзүнүн сарайы жана президенттик “Боинг” учагы бар. Башкача айтканда мамлекетти толук башкарышууда. Биз муну көрүп турабыз, бирок, тилекке каршы, калктын басымдуу бөлүгү буга ишенбейт", – деди Кяризов.
Гелди Кяризов – түркмөн саяпкери, ахалтекин тукумундагы жылкыларды сактоо менен алектенген. Сапармурат Ниязовдун тушунда жылкылар боюнча министр болгон. 2002-жылы бийлик аны кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана жылкы аткезчилигине айыптап, алты жылга эркинен ажыраткан.
Укук коргоочулар ага каршы жасалма иш козголгонун белгилешкен. Саяпкер беш жылдан ашуун түрмөдө жатып, кыйноого кабылганын айткан. 2007-жылы Гурбангулы Бердымухамедов ага ырайым берген, бирок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган. 2015-жылы гана эл аралык укук коргоочулардын колдоосу менен ал үй-бүлөсү менен бирге Москвага көчүп кеткен.
14-февралда Түркмөнстандын Демократиялык партиясы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердарды президенттикке талапкер кылып көрсөткөн.
Соңку жылдары Сердардын саясий карьерасы тездик менен өстү. Былтыр жайында атасы аны экономикалык, банк маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындаган.
Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат.
Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өтөт.