Ссылки доступа

Казакстандын батышында бир нече ишкананын жумушчулары маянаны жогорулатууну талап кылышууда


15-февралда Актөбөдөгү тез жардам унааларынын айдоочулары маянаны көбөйтүү талабы менен жыйын өткөрүштү. Станцияда айлык акынын төмөн экени тууралуу маселе бир нече жылдан бери козголуп келет.

— Көйгөйүбүз төрт жылдан бери чечиле элек. Декабрда жетекчилик жаңы жылдан баштап тез жардам станциясы мамлекеттин карамагына өтүп, айлык акы көбөйө турганын айткан. Жыл аягында түрк инвестору ишкананы бюджетке өткөрүп берген. Андан кийин маянабызга 12 миң теңге гана кошулду. Биз айына 192 саат иштеп, колубузга 70-80 миң теңге (160-180 доллар) гана алабыз. Физикалык жактан да, психологиялык жактан да ишибиз оор. Нөөмөттөн кийин үйгө араң жетебиз, —деди айдоочу Бауыржан Исмаилов.

Станция кызматкерлеринин айтымында, Актөбөнү тейлөө үчүн кеминде 45 бригада керек. Бирок күн сайын нөөмөткө 24-25 бригада гана чыгат.

— Бир бригада 25-30 чакырууга барат. Бул оңой эмес. Маянабызды 100 пайызга көбөйтүүнү талап кылабыз. Баары кымбаттап жатат. Үй-бүлөнү багуу кыйын. Биз саламаттык сактоо министрлигине даттанганбыз. Эч нерсе өзгөргөн жок. Эми Конституциянын кепили катары президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдойбуз, —деди дагы бир айдоочу Арман Кулымбаев.

Актөбө облустук саламаттык сактоо башкармалыгы айдоочулардын маянасын көбөйтүү үчүн каржы булактары изделип жатканын, бул маселе он күн аралыгында чечилерин кабарлады.

Аймактагы тез жардам станциясында 216 айдоочу иштейт.

Бул арада 15-февралда Актөбө шаарында жүргүнчү вагондорун ремонттогон «АГМ Табыс» компаниясыны кызматкерлери да маянаны жогорулатуу талабы менен митингге чыгышты. Жумушчулардын айтымында, алар январь айында 40 миң теңгеден (92 доллар) айлык алышкан.

XS
SM
MD
LG