Ссылки доступа

Өзбекстан президенти импорттук автоунаалардын бажы алымын эки эсеге төмөндөтүүнү тапшырды


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өкмөткө чет өлкөдөн алынып келинген автоунаалардын алымын 30дан 15 пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө жобону үч күндө даярдоону тапшырды.

Расмий маалыматка караганда, өзбек президенти автоунаа чыгарган тармактардын башчыларына автомобилдердин баасын 5 пайызга арзандатып, импортту алмаштырууну 100 миллион долларга жеткирүүнү, автомобиль өндүрүшүн локализациялоону 48ден 56 пайызга чейин жогорулатууну талап кылган.

Мындан тышкары 336 миллион долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, Tracker менен Onix автомобилдерин өндүрүү боюнча долбоорду баштоону тапшырды.

Өзбек бийлиги 1-майга карата автоунаа сатып алуу боюнча кезекти толугу менен жоюп, UzAuto Motors автомобилдерин сатып алуу боюнча алдын ала төлөнгөн сумманы 85тен 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG