Ссылки доступа

Тажикстанда телесабактарды даярдоо боюнча алгачкы улуттук борбор ачылды (видео)


Тажикстанда билим берүүчү телесабактарды иштеп чыгуу боюнча алгачкы улуттук инновациялык окуу борбору ачылды.

Борбордун ачылышы 15-февралда өтүп, ага Европа биримдиги (ЕБ) менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлдөрү катышты.

Телесабактарды чыгаруу борбору ЕБ каржылаган "Билим берүү сапатын колдоо программаларынын" алкагында түзүлдү.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, борбордун студиясы заманбап жабдуулар жана жаңы программалык камсыздоолор менен жабдылган. Анда долбоордун алкагында 2 миңден ашык телесабактар даярдалат деп күтүлүүдө.

"Долбоордун максаты — жогорку квалификациядагы жана тажрыйбалуу мугалимдердин видеосабактарын көрсөтүү менен телесабактарды өтүүнүн ыкмаларын өнүктүрүү, ошондой эле Тажикстандын Билим берүү министрлигин аралыктан окуу үчүн зарыл болгон билим берүү куралдары жана онлайн-контент менен камсыз кылуу", — деп жазылган ЮНИСЕФтин Тажикстандагы билдирүүсүндө.

Бул арада Тажикстанда мугалимдер маянанын аздыгынан улам жапырт миграцияга кетип жатканы айтылууда. Коңшу өлкөнүн эң ири аймактарынын бири Хатлон облусунда былтыр 2 миңден ашуун мугалим мектепти таштап, чет өлкөлөргө иш издеп кеткен. Ал эми тажик бийлиги мындай көйгөйдү катардагы көрүнүш деп баалайт. Учурда 9 миллиондон ашык калкы бар Тажикстанда 30 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

XS
SM
MD
LG