Ссылки доступа

Байден Украина боюнча билдирүү жасады (видео)


АКШнын президенти Жо Байден Украинанын айланасындагы абал боюнча билдирүү жасады. Байден Орусиянын Украинага кол салуусу мурдагыдай эле мүмкүн экенин айтты.

Анын билдиришинче, орусиялык аскерлер дагы деле Украинага коркунуч жараткан позицияда турушат. Ал Украина жана Беларус чегинде 150 миңдей аскер бар экенин билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлер артка чегингенин кабарлаган. Байдендин айтымында, Кошмо Штаттар азырынча бул маалыматты тастыктай албайт.

Байден кайрадан Орусияны дипломатиялык жолду тандоого үндөдү. Ал орус калкына кайрылып, АКШ аларга коркунуч жаратпай турганын, Кошмо Штаттар душманы эместигин билдирди. Байдендин айтымында, АКШ Орусияны туруксуздаштырууга аракет жасабайт.

Байден: "США и НАТО не угрожают России"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШ менен СССР союздаш болгонун эскерди. Байден Украинага кол салуу негизсиз экенин айтып, Украина менен Орусиянын жалпы тарыхы бар экенин жана аларды көп нерсе байланыштырып турарын эскертти.

Байдендин билдиришинче, эгер Орусия агрессия баштаса, АКШ жана анын өнөктөштөрү буга чейин болуп көрө эле санкцияларды салышат. Президенттин айтымында, бул чаралар агрессия башталары менен киргизилет. Ал санкциялык объектилердин бири катары "Түндүк агым-2" газ кууру долбоорун атады.

АКШ президенти Орусиянын коопсуздукка кепилдик берүү талабына карата бир нече сунуш киргизип, Кремлди сүйлөшүүгө чакырды. Ал АКШ Украинага коргонуу үчүн курал-жарак бере туранын, бирок анын аймагында ракета жайгаштыруу ниети жоктугун айтты. Байден ар бир өлкө, анын ичинде Украина тышкы саясий багытын өзү тандап, эркиндикти жана демократияны коргой ала турганын белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Орусиянын Украинага каалаган убакта кол салууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан. Кремль андай ниети жок экенин билдирип келет.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG