Ссылки доступа

Өзбекстан: Тажикстандан Орусияга 229 кг маңзат алып бараткан жүк унаасы кармалды


Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети өлкө аймагы аркылуу Тажикстандан Орусияга маңзат алып өтүүгө аракет кылган адамдар колго түшкөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-февралда өзбек-тажик чек арасындагы "Ойбек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде Тажикстандан Орусияга бараткан жүк ташуучу унаа текшерилген. Жыйынтыгында андан жалпы салмагы 229 килограммды түзгөн 232 таңгак герион заты табылган.

Тажикстандын тиешелүү органдары бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек. Азырынча жүк ташуучу унаанын кимге таандык экени жана анын кантип Тажикстандагы "Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекетинен өткөрүлгөнү боюнча маалыматтар жок.

Бул Өзбекстандын бажы кызматкерлери Тажикстандан келаткан автоунаалардан маңзатын тапкан алгачкы учур эмес. 2021-жылы ноябрда Тажикстандан Орусияга 20,8 тонна жүзүм алып бараткан жүк автоунаасы "Ойбек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде текшерилип, 149,75 килограмм кара куурай чайыры, 4,44 килограмм апийим, жана 1,52 килограмм героин табылган.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG