Ссылки доступа

Казакстанда мыйзамсыз байыган мамлекеттик кызматкерлер жазаланат (видео)


Казакстан Мажилиси кирешелери менен чыгашаларында чоң айырма бар аткаминерлерге айып пул салуу жана иштен алуу сунушталган "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Документке ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери менен чыгашалары 2026-жылдан тарта салыштырыла баштайт. Айып пул төлөтүү жана кызматтан алуу жазалары 2027-жылдан баштап киргизилет.

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасы Марат Ахметжановдун айтымында, эгер мамлекеттик кызматкердин кирешеси менен чыгашасынын ортосундагы айырма 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашса, ага жалпы айырманын 90% өлчөмүндөгү айып пул салынат.

"Ал эми ортодогу айырмачылык анын бир жылдык кирешесинен ашса жана аны [акчаны] кайдан алганын түшүндүрүп бере албаса, анда иштен алынып, үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат", — деди Ахметжанов.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда жемкорлук тууралуу кабар берген адамдын жеке маалыматтарын купуя сактоо нормасын киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары документте ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же максатсыз коротууну жана кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык кылууну коррупциялык кылмыштардын катарына киргизүү каралууда.

Казакстанда аткаминерлер жана алардын жакындары 2021-жылдын 1-январынан тартып кирешелери жана мүлктөрү тууралуу декларацияларды тапшырууга милдеттүү. 2021-жылы күзгө карата казакстандык 497 мамлекеттик кызматкер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү декларация тапшырган. Бийлик негизги максат кирешелерди легалдаштыруу болгондуктан, аткаминерлердин алгачкы декларациялары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзбөөнү убадалаган. 2019-жылы өлкөнүн Каршы министрлиги мамлекеттик кызматкерлер тапшырган декларациялар ачык жарыялана турганын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алар жалпы жарандарга жеткиликсиз болуп келет.

XS
SM
MD
LG