"Түркмөнстан хроникасы" басылмасынын маалыматына караганда, бул күнү мындай сабактар аймактагы бардык мектептерде өткөрүлгөн.
Түркмөнстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо быйыл 12-мартта өтөт. Шайлоо өнөктүгү 14-февралда башталган. Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкерлигин койгон үч адамдын аты-жөнү белгилүү: 40 жаштагы вице-премьер Сердар Бердымухамедов, мурдагы саясий туткун Гельды Кяризов жана Мары облусунун башчысынын орун басары, Агрардык партиянын өкүлү Агажан Бекмырадов.
Кяризов президенттикке ат салышуу чечимин мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, Бердымухамедовдордун өлкөнү "фараондордун тукуму сыяктуу чексиз династиялык формада" башкара турганы анын кыжырын келтирген.
"Чындыгында алар бир жылдан ашык убакыттан бери мамлекетти чогуу башкарууда. Ар биринин өзүнүн сарайы жана президенттик "Боинг" учагы бар. Башкача айтканда, мамлекетти толук башкарып жатышат. Биз муну көрүп турабыз, бирок, тилекке каршы, калктын басымдуу бөлүгү буга ишенбейт", – деген Кяризов.