Ссылки доступа

Маңгыстау облусунда дагы бир ишкананын жумушчулары иш таштады


Казакстандын Маңгыстау облусундагы Каламкас мунай кенине кызмат көрсөткөн "Актаукрантехсервис" транспорттук компаниясынын жумушчулары маянаны жогорулатууну талап кылып, иш таштады.

Маалыматка караганда, "Актаукрантехсервис" компаниясынын Каламкастагы гана эмес, Жетыбай кениндеги жана Актау шаарындагы жумушчулары да ишке чыгуудан баш тартышты. Бул маалыматты жумуш берүүчү компаниянын өкүлдөрү да ырасташты.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын биринин айтымында, Каламкас кениндеги башка сервистик компаниялардын жумушчулары "Актаукрантехсервистин" кызматкерлеринен эки эсе көп айлык алышат.

— Башка компаниялардын жумушчулары айына 500-600 миң теңгеден (1200-1400 доллар) алышат. Бизде болсо айлык 200-250 миң теңгени түзөт. Биз маянаны жогорулатууну жана жыл сайын төлөнүүчү сыйакыны 20 айлык эсептик көрсөткүчтөн 50 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүүнү талап кылып (1 айлык эсептик көрсөткүч 3063 теңгеге барабар — Ред.), иш таштадык, — деди ал.

Мындан тышкары жумушчулар "КазМунайГаз" улуттук компаниясына таандык транспорттук фирмалар менен узак мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүнү талап кылууда. Алар бул маселе боюнча президент Касым-Жомарт Токаев менен "КазМунайГаз" башкармалыгынын төрагасы Алик Айдарбаевге кайрылуу жолдошконун, бирок жооп болбогонун билдиришти.

"Актаукрантехсервис" компаниясынын түзүүчүсү Ерлан Матайбаев иш таштаган жумушчулардын талаптарын аткара албай турганын айтууда. "250 миң теңгени жеңил автоунаалардын айдоочулары алат, калгандарына 500-600 миң теңгеден төлөнөт. Андан тышкары аларга майрамдарда сыйакылар берилет, социалдык пакет бар. Мындан көп акча төлөй албайм", - деди Матайбаев.

Февралдын башынан бери Маңгыстау облусунда жумуш орундарын түзүүнү жана айлык акыны көтөрүүнү талап кылган акциялар уланып жатат. 14-февралда Жаңы-Өзөн шаарындагы "Озенмунайгаз" компаниясынын бир нече түзүмүнүн жумушчулары иш таштаган. "Бургылау", "Темиртас", "РКЦУ Актау" компанияларынын кызматкерлери бир жумадан бери жумушка чыгуудан баш тартууда. Мындан тышкары Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн жумушсуз тургуну мунайгаз тармагына ишке орноштуруу талабы менен акимчиликтин алдында акцияга чыгып жатат.

16-февралда Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаев иш таштаган жумушчулар менен жумуш берүүчүлөрдү "маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө" чакырды.

"КазМунайГаз" ишканасынын башчысы Алик Айдарбаев жыл башынан бери "Озенмунайгаз" компаниясынын жумушчуларынын айлыгы 10% жогорулаганын, бүгүнкү күндө дагы 20% көбөйтүү чечими кабыл алынганын билдирди.

"Иш таштаган жумушчулардын көбү бул сунушка макул болушту. Бирок айрым кызматкерлер менен кесиптик кошуун комитеттеринин башчылары айлыктарды 40-50% жогорулатууну талап кылуусун улантып жатышат. Бирок бул жылы биз айлыктарды мындан башка жогорулата албайбыз. Бул акыркы чечим", — деди Айдарбаев.

Ал иш таштаган жумушчуларды "сабырдуу болууга" жана ишке чыгууга чакырды.

XS
SM
MD
LG