Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы: 741 киши январь окуялары боюнча тергөө абагында отурат


Казакстанда январь окуяларынан кийин тергөөдө тыюу салынган ыкмалар жана кыйноолор колдонулганы тууралуу прокуратура органдарына 363 даттануу түшкөн. 16-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргендей, бул боюнча 178 иш тергөөдө.

Коомчулукта резонанс жараткан 8 иш атайын прокурорлордун өндүрүшүнө алынган. Арасында Атырау шаарындагы "Динамо" стадионунда болгон кармоо учурундагы жагдай менен Алматы облусунда Азамат Батырбаев менен жашы жете элек Есболотовго кыйноо көрсөтүү иши бар.

16-февралга карата январь окуялары боюнча тергөө абагында 741 шектүү отурган. Алардын ичинен 113ү мурда соттолгон, 35и уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана 42си тыюу салынган экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү экени айтылды.

Башкы прокуратуранын өкүлү Елдос Килымжанов кабарлагандай, январь окуялары боюнча 3096 иш иликтенүүдө. Басымдуу бөлүгү талоончулук, курал-жарак уурдоо жана бейбаштык беренелери менен тергелүүдө. "Жапырт башаламандык" жана "терроризм актысы" боюнча 181 иш козголгон.

Бул арада 103 кишинин башаламандыктарга тиешеси жок экени аныкталып, тергөө абагынан бошотулган.

Январь окуяларынын маалында жана андан кийин жалпысынан Казакстан боюнча 227 адам каза тапканы айтылган. Анын жарымынан көбү Алматы шаарындагы кандуу окуяга туура келет. Бирок азыркы учурга чейин казак бийлиги каза тапкандардын жана жаракат алгандардын толук тизмесин ачык жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG