"Хакердик чабуулдар Орусия менен Кытайдан башталган. Бир секунддун ичинде эле 600 миңге жакын зыяндуу трафик жөнөтүп жатышты. Биздин адистер тез эле чабуулдардын "мизин кайтарды". Бирок көп өтпөй Чехия менен Өзбекстандын аймагынан чабуулдар башталды. Ал аракеттер да тез эле токтотулду. Чабуулдарды колдонуучулар сезген жок", — деп жазды Федоров Телеграм-каналына.
Ал хакердик чабуулган Украинанын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү, "Приватбанк" жана "Ошадбанк" сыяктуу бир катар мекемелердин сайттары кабылганын кошумчалады.