Ссылки доступа

Казакстан ЕАЭБ рыногунда кытай товарларын көмүскө жүгүртүү көбөйгөнүн билдирди


Алматыда 15-февралда Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын салык кызматтарынын жолугушуусу өткөнү белгилүү болду.

Казакстан өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр учурунда үч өлкөнүн салык жана бажы кызматтарынын иштерин натыйжалуу координациялоону камсыздоо маселелери талкууланды.

Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов соңку жылдары ЕАЭБ базарларында кытай товарларын көмүскө түрдө жүгүртүү тенденциясы көбөйгөнү байкалып жатканын билдирди. Ал бул фактор өз ара соода рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизе турганын, экономиканын айрым сезимтал тармактарына коркунуч жаратарын белгиледи. Султанов көмүскө импорттун көбөйүшү менен бюджетке түшкөн салык азайып, сапатсыз, айрым учурда кооптуу товарлардын ЕАЭБ рыногуна тарашына жол ачарын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында ташылып жаткан товарлардын чыныгы баасын көрсөтүү көйгөйүн терең иликтеп чыгуу зарылдыгын колдошту.

Жолугушууга Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Орусиядан бул өлкөнүн каржы министринин орун басары Алексей Сазанов катышкан.

XS
SM
MD
LG