Ссылки доступа

Подмосковьеде мигранттарга каршы рейддер көбөйдү (видео)


Архив сүрөт
Архив сүрөт

Орусиянын Москва облусунда иштеп жүргөн айрым тажикстандык мигранттар акыркы бир жуманын ичинде полиция кызматкерлери тажик жарандарын текшерген жана кармап кеткен учурлар көбөйгөнүнө даттанууда. Алардын көбү Москва облусунун Истра районунда жашап, иштешет.

Укук коргоочулар Истрадагы "Пятёрочка" дүкөнүнө кол салуудан кийин мигранттарга басым күчөгөнүн билдирүүдө. 9-февралдагы кол салуудан кассада отурган 51 жаштагы аял каза болуп, дүкөндүн ээси менен аялы оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй кылмышка шектелип төрт киши кармалган. Полиция алар Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгенин кабарласа, жергиликтүү басылмалар кол салгандар тажикстандыктар экенин жазып чыгышкан.

Истрада иштеген Умаршох аттуу тажикстандык мигранттын айтымында, айрым полиция кызматкерлери кол салуудан кийин аймакты ыктымал кылмышкерлерден тазалоо тапшырмасын алышканын билдиришкен.

"Дүкөндү тоногондордун айынан баарыбызды кыйнап жатышат. Буга чейин эле жашообуз жеңил эмес болчу, азыр басым аябай күчөдү. Текшерүүнүн артынан текшерүү болууда", — деди Умаршох.

После нападения на магазин «Пятёрочка» в Истре, давление на мигрантов усилилось
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Мигранттар "Озоди" радиосуна тажикстандыктардын бири кармалган учур тартылган видео жөнөтүшкөн. Анда полиция кызматкерлери мигранттын колун кайрып кармап жатканын көрүүгө болот. Кадр сыртындагы адам окуя 14-февралда болгонун айткан:

"Мигрантты беткап тагынбай жүргөнү үчүн эле колун кайрып алып кетишти. Эки күндөн бери ал тууралуу эч кандай маалымат жок".

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоп жүргөн Мухаммаджон Собировдун айтымында, акыркы бир жуманын ичинде Истрада 100гө жакын киши кармалган. Ал райондо мындай кармоолор буга чейин да болуп келгенин, бирок полициянын бул жолку аракеттери "өч алуу" сыяктуу болуп жатканын кошумчалады.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги мигранттар кармалып жатканы тууралуу даттануулар келип жатканын ырастады. Мекеме өкүлү адатта орус бийлиги алдыдагы рейддер тууралуу маалымат бербей турганын белгилеп, алар "мигранттардын укуктары бузулган учурларда гана реакция жасай аларын" кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Орусиянын аймагында 1 миллиондон ашык тажик жараны бар.

XS
SM
MD
LG