Ссылки доступа

ТИМ: Орусиянын үч аймагында чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга тыюу салуунун кыргыз жарандарына тиешеси жок


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын айрым аймактарында эмгек мигранттарын бир катар тармактарга жумушка алууга тыюу салынганы боюнча билдирүү таратты.

Мындай эреже Орусиянын Ханты-Мантийск автоном облусунда, Тюмень жана Калуга облустарында киргизилген. Бул аймактарда чет өлкөлүк жарандарды соода, коомдук транспорт жана тамактануучу жайларга жумушка алууга тыюу салынат.

ТИМдин маалыматына караганда, аталган аймактардагы бул чектөөлөдүн Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок. "ЕАЭБ тууралуу келишимдин 97-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "уюмга мүчө өлкөлөр бул макулдашууда белгиленген башка учурларда улуттук эмгек базарын коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизе алышпайт", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда элчилик эгер аталган аймактардагы жумуш берүүчүлөр Кыргызстандын жарандарын ишке алуудан баш тартса, жазуу турүндө kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дареги боюнча кайрылууга чакырды.

Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону менен кыргыз жарандарынын Орусиядагы укуктары корголбогонун айтып, Орусиядагы эмгек мигранттарына карата талаптардын катаалдатылганын сынга алышкан.

Жаңы жылдан тартып Орусия миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырган. Жаңы талаптарга ылайык, эми мигранттар 3-4 ай сайын баасы 5-6 миң рублдик медициналык кароодон өтүп турушу керек болот. Мындан тышкары Орусияга иштегени барган чет өлкөлүктөр, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүп, сүрөткө түшүүгө милдеттүү болушат.

Видео

XS
SM
MD
LG