2022-жылдын сентябрь айынан тартып бул предметти жаңыртылган окуу программасынын алкагында факультативдик сабактардын тизмесине которуу пландалууда. Мекеме эгер “Өзүн-өзү таануу” факультатив катары тандалса, ал мурдагыдай 11 жыл эмес, бир жыл гана окутуларын белгиледи.
Казакстандын мектеп программасында бул предмет 2009-жылы мурдагы президенттин жубайы Сара Назарбаеванын демилгеси менен пайда болгон. Долбоордун сайтында жазылгандай, анын максаты – “Өз билимин жана чеберчиликтерин ишке ашырууга жөндөмдүү, толук кандуу, руханий жактан билимдүү кишини калыптандыруу” болгон.
Назарбаев 2019-жылы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин өлкөнү башкарууда айрым ыйгарым укуктарын сактап калган. Январдагы кандуу окуялардан кийин ал ардактуу эс алууда экенин, бардык бийликти Токаевге өткөрүп бергенин айткан.
“Нур Отан” партиясынын кезексиз курултайында анын жаңы төрагалыгына президент Касым-Жомарт Токаев шайланган. 28-январда башкаруучу партиянын саясий кеңеши да өзгөрүп, экс-президент Назарбаевдин жакындары жаңы курамга киргизилген эмес.