Ссылки доступа

Орусиядагы тажик мигранттарына пенсия төлөө келишими ратификациялана элек


Москва менен Душанбе эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишиминин бардык учурларын макулдашты, бирок документти эки өлкөнүн парламенттери ратификациялай элек.

Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинен билдирди.

2021-жылы сентябрда макулдашылган документке ылайык, мигрант расмий иштеген жана пенсия фондуна акча которгон өлкө кийин ага пенсия төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Бирок Орусияда иштеген мигранттардын баары эле социалдык пенсия ала албайт. Адистердин айтымында, эгер мигрант Орусияда патент акысын гана төлөсө, бул келечекте ал пенсия алат дегенди билдирбейт. Патент менен кошо анын иш берүүчү менен келишими, эмгек китепчеси жана жеке эсебинин камсыздандыруу номуру болушу керек. Иш берүүчү ай сайын мигрант үчүн Орусиянын Пенсия фондуна камсыздандыруу төлөмүн төгүп турууга тийиш.

“Келишимге ылайык, Орусияда расмий иштеген жумушчу кайсы өлкөдөн – Тажикстан же Орусиядан пенсия аларын өзү тандай алат. Эгер мигранттын кош жарандуулугу болсо, ал туруктуу жашаган жери боюнча орус да, тажик да тараптын пенсиясын ала алат”, - деди Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинен жооптуу кызматкери Даврон Вализода.

Тажикстандык эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу тууралуу Душанбе менен Москванын ортосундагы келишимдин долбоору 2016-жылы августта эле даярдалган.

XS
SM
MD
LG