Ссылки доступа

Активисттер: Каримованын активдерин кайтаруу жараяны ачык-айкын болушу керек


Өзбекстанда жарандык активисттер Гүлнара Каримованын чет өлкөдөгү активдерин Өзбекстанга кайтаруу жараяны ачык-айкын жүрүшү керек деп эсептешет.

15-февралда Өзбекстандын Юстиция министрлиги өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын чет өлкөдөгү бардык активдерин кайтаруу үчүн БУУнун көп тараптуу ишеним фонду түзүлөрүн кабарлаган.

Мекеменин билдирүүсүндө кайтарылган каражат өзбек калкынын жашоосун жакшыртуу үчүн социалдык тармактарга жумшалары белгиленген.

Жакында Франциядан Каримовага таандык 10 миллион доллар кайтарылганы белгилүү болгон. Эми калган 131 миллион доллар активди БУУнун ишеним фонду аркылуу алуу пландалууда.

Гүлнара Каримованын активдерин кайтаруу боюнча Uzbek Asset Return Network укук коргоо уюму бул маселеде көп тараптуу механизмдин түзүлгөнүн кубаттады. Бирок группа бул жараян ачык-айкын болуп, ар бир тыйын өзбек элинин кызыкчылыгы үчүн жумшалышы керектигин билдирди. Активисттер кайтарылган акчаны уурдоонун алдын алуу үчүн көз карандысыз аудиторлор жана жарандык коомдук активисттери тартышышы керек деп эсептешет.

Учурда өзбек бийлиги маркум Ислам Каримовдун кызынын чет өлкөлөрдөгү калган мүлкүн кайтаруу үчүн Швейцария, АКШ, Франция, Орусия жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ташкент шаардык соту 2020-жылы мартта Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Ал "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ыксыз сарптоо", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айып коюлган. Каримова 2019-жылдан бери Ташкент облусундагы аялдардын №21 абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG