Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи: Бадахшандык активист Амриддин Аловатшоев абакта отурат


Тажикстандын Кыйноо жана жазасыздыкка каршы жарандык коомунун коалициясы кармалган активист Амриддин Аловатшоевдун адвокаты анын кайда экенин билбей жатканын кабарлады. Тажик бийлиги бул маалыматты четке кагып, Аловатшоев Душанбедеги №1 түрмөдө отурганын билдирди.

Орусиядагы бадахшандыктардын лидерлеринин бири Амриддин Аловатшоев февралдын башында Москвада кармалып, Тажикстанга жеткирилген. Бийлик анын издөөдө жүргөнүн маалымдаган. Учурда ага Хорогдогу нааразылык акцияларын уюштуруу, барымтага алуу сыяктуу айыптоолор тагылууда.

"Коалиция жалдаган адвокат 8-февралда Амриддин Аловатшоевдун жүргөн жерин аныктоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна, ИИМдин тергөө абагына жана убактылуу кармоочу жайына кайрылган. Аты аталган мекемелердин бири да Аловатшоев аларда экенин тастыктаган эмес", — деп айтылат коалициянын 17-февралда жарыялаган билдирүүсүндө.

18-февралда Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Нусратулло Махмадзода Кыйноого каршы коалициянын билдирүүсүн четке какты. "Аловатшоев абакта, ага туугандары жолугуп кетүүдө. Адвокат өзү жакында билдирүү жасап, анын кыйноого кабылганы жөнүндө маалыматты төгүндөдү", - деди мекеменин расмий өкүлү.

Буга чейин "Бадахшан" телеканалы Амриддин Аловатшоевдун видеокайрылуусун көрсөткөн. Анда ал кыйноого кабылбаганын, мекенине өз ыктыяры менен келгенин айткан. Аловатшоев: "Мен жасаган ишиме абдан өкүнөм, миң жолу өкүндүм жана мындан ары кылмыш жасабайм" деген.

Активисттин тарапташтары видео күч түзүм кызматкерлеринин кысымы алдында тартылганын, аны чындык катары кабыл албоо керектигин айтууда.

Амриддин Аловатшоев 12-январда Белгород шаарында кармалып, Тажикстанга жеткирилген. Жакындары ал мыйзамсыз иш жасабаганын, мигранттарды колдоп келгенин, Орусиядагы бадахшандыктардын лидери болгонун айтышкан. Тажикстан ИИМинин башчысы Рамазон Рахимзод Аловатшоев издөөдө болгонун, бирок ал өз ыктыяры менен келгенин жана кармалганын маалымдаган.

2021-жылы ноябрда Гүлбиддин Зиёбековдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу Тоолуу Бадахшанда нааразылык акциялары тутанган. Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да аймактан чыккан мигранттар чогулуп, тилектештигин билдиришкен. Алардын арасында Аловатшоев да жүргөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG