Ссылки доступа

К.Ласслет: Ташкенттин мэри мамлекеттик келишимдердин эсебинен байыган


Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев.

Улуу британиялык криминология профессору, Борбор Азия жана Европадагы коррупция жана клептократия жөнүндө бир нече китептердин автору Кристиан Ласслет Ташкент мэринин соңку билдирүүсүн коомчулуктун көңүлүн орчунду маселелерден буруу аракети катары сыпаттады.

Бул тууралуу ал "Оздолик" радиосуна берген маегинде билдирди.

Артыкходжаев 16-февралда журналисттер менен жолугушуу учурунда "борбор калаанын мэри кызматын аркалап баштагандан бери мамлекеттин бюджетинен бир сум да уурдабаганын, ага байланышы бар компаниялар өз каражаттарынын бир бөлүгүн Ташкентте кайрымдуулукка жумшап жатканын" айткан.

Кристиан Ласслет бир нече жылдан бери Жахонгир Артыкхожаевдин бизнес империясы боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп келет. "Балким Артыкхожаев мэрияда иштеп жүргөндө мамлекеттен бир сум да алган эместир. Бирок айдан ачык көрүнүп турат, ал Ташкенттин мэри болуп тургандан бери ага байланышы бар ондогон компаниялар эч кандай тендерсиз көп миллиондогон мамлекеттек келишимдерге ээ болууда", - деди Ласслет.

Ласслеттин айтымында, буга көптөгөн документтер далил болуп берет алат. Жолдорду, көпүрөлөрдү, мектептерди жана Tashkent city сыяктуу ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууга катышкан компаниялардын документтерин текшерген учурда анын изи борбор калаанын мэри Жахонгир Артыкходжаевге алып барат. Бул аргументтер Артыкхожаев жеке компанияларын байытуу максатында кызмат абалын пайдаланып жатканын айгинелейт.

Ташкенттеги Навои проспектисин Жахонгир Артыкхожаевге тиешеси бар компания реконструкциялап жатканы жөнүндөгү маалымат тарагандан кийин мэр 16-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, бир нече билдирүү жасаган.

Ал бюджеттин бир тыйынын да албаганын айтып, кайрымдуулук үчүн жеке автопаркынан 29 автомобилди сатканын айткан.

"Аким болуп дайындалганга чейин 36 автоунаам болгон. Мен машинени абдан жакшы көрөм. Азыр алты машинем калды. Жакында дагы бир автомобилимди сатып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга кайрымдуулук операцияларын жасоого жумшайм", – деген Артыкхожаев.

Британ иликтөөчүсү Кристиан Ласслет Артыкхожаевдин билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Гүлнара Каримова да убагында кайрымдуулук иштер менен алектенгенин, бирок бул аны кылмыш жоопкерчилигинен сактап кала албаганын эске салды.

XS
SM
MD
LG