Ссылки доступа

Журналист Семетей Талас уулу УКМКда күбө катары сурак берип чыкканын айтты


Журналист Семетей Талас уулу бүгүн 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки сааттай сурак берип чыкты.

Сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал кайсы иш боюнча чакырылганын азырынча так айта албай турганын билдирип, “Суракка буга чейин “Фейсбук” аркылуу бийликке болгон пикириңизди түз айтып келгениңиз үчүн чакырылган жоксузбу?” деген суроого:

“Башында мен да ошондой деп ойлогом. Бирок андай эмес экен. Эч кандай саясий буюртма жок деп ойлойм. Бир иш боюнча чоң иликтөө болуп жатыптыр, ошого күбө катары чакырышты. Айтпай туруңуз деп суранышты”, - деп жооп берди.

Журналистти күч кызматкерлери кармап кеткенин, үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин жубайы билдирген. Кайненеси күч органдарынын өкүлдөрү Интернеттеги социалдык түйүндөргө бөлүшкөн материалдары боюнча суроо беришкенин укканын айткан.

УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз каранды эмес журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары Интернеттеги баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

XS
SM
MD
LG