Ссылки доступа

РСЕ/РС орус бийлигинин аракеттерине каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прага шаарындагы кеңсеси
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прага шаарындагы кеңсеси

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (РСЕ/РС) орус кызматы ("Свобода" радиосу) менен анын башкы директору медиауюмдун журналисттерин "чет элдик агент ЖМКлардын" тизмесине киргизген орус бийлигинин аракети боюнча Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз менен кайрылды.

Арыз "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тиешелүү даттануусуна карата орус бийлигинин үч ай мурда берген жообуна реакция катары жазылды. 2021-жылы июнда Адам укуктары боюнча Европа соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир ай мурда берилген арызына приоритеттүү макам берген.

Медиакорпорациянын жаңы документинде "чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам жана анын алкагында колдонулуп жаткан чаралар Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын өз оюн эркин билдирүү жөнүндө жазылган 10-беренесине каршы келе турганы белгиленген. Мындан тышкары арызда Орусиядагы журналисттердин иштөө чөйрөсү начарлаганы белгиленип, жакында эле Роскомнадзор мекемесинен "Свобода" радисунун сайтындагы материалдарды өчүрүү боюнча 70 билдирүү келгени жазылган. Өчүрүү талап кылынган материалдарда негизинен оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасынын коррупцияга каршы иликтөөлөрү жана "Проект" редакциясынын "ылайыксыз уюм" деп таанылганы тууралуу жазылган.

17-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай маалыматты толук көзөмөлгө алууга аракет кылуу менен Кремль журналистиканы криминалдаштырууну жана орусиялык журналисттерди чыккынчы катары көрсөтүүнү көздөп жатканын айтты. "Биз Адам укуктары боюнча Европа сотунан биздин журналисттердин жана Орусиянын жалпы жарандарынын базалык укуктарын бузуп жаткан "чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамдын легалдуу-легалдуу эмес экени боюнча чечим чыгаруусун өтүнөбүз", — деди Флай.

"Свобода" радиосу жана медиакорпорациянын орус тилдүү башка долбоорлору Орусияда "чет элдик агент ЖМКлардын" тизмесине 2017-жылда эле киргизилген. 2021-жылдын январь айынан бери Роскомнадзор мекемеси "чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамды бузду деген жүйөө менен "Свобода" радиосуна карата миңден ашык протокол түзгөн. Орус бийлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосун журналисттик материалдарына маркировка койгон эмес деп айыптап келет. Өз кезегинде медиакорпорация бул талапты саясий цензура деп эсептейт.

Бүгүнкү күнгө карата соттор "Свобода" радиосуна карата жалпысынан 1 миллиард рубль өлчөмүндө айып пул төлөө боюнча чечимдерди чыгарышты. Орусиянын соттору "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бул чечимдер боюнча жазган бир нече жолку доо арыздарын четке каккандан кийин медиакорпорация Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган.

Көптөгөн Батыш өлкөлөрүнүн, эл аралык укук коргоо жана журналисттик уюмдардын өкүлдөрү Орусиядагы "чет элдик агент ЖМКлар тууралуу" мыйзамды бир канча жолу сынга алышкан. Орус бийлиги бул мыйзам АКШнын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын орусиялык ЖМКларга карата колдонулганын жооп катары кабыл алынганын билдирип келет. Бирок орус мыйзамындагы чектөөлөр менен талаптар саясий цензура жок АКШдагы мыйзамга салыштырмалуу кыйла катаал.

XS
SM
MD
LG