Ссылки доступа

Душанбе мэриясы башкы план "купуя" экенин айтып, түрттүрүлө турган имараттардын тизмесин жашырууда (видео)


Мэрия Душанбе засекретила план развития города и не раскрывает, какие здания будут сносить
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Душанбе мэриясынын өкүлдөрү шаардын башкы планы "жашыруун" экенин айтып, келечекте түрттүрүлө турган маданий жана тарыхый имараттар тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартууда.

Буга чейин ЖМКлар акыркы жылдары Душанбеде курулуштар көбөйүп, алар үчүн шаардагы көптөгөн тарыхый имараттар, архитектуралык эстеликтер түрттүрүлүп жатканын бир нече жолу кабарлашкан.

Саясий серепчи Парвиз Мулложанов өмүр бою жашап келген Душанбе шаарындагы үйү жазында түрттүрүлө турганы жөнүндө кат алганын билдирүүдө. Анын айтымында, өткөн кылымдын 80-жылдары салынып, сиңирген эмгеги үчүн атасына (белгилүү драматург) берилген үйдүн бузулары жөнүндөгү кабар ал үчүн күтүүсүз болгон.

"Эки жыл мурда кошуналар менен Душанбенин башкы планын көрүүгө аракет кылганбыз. Бизге оозеки түрүндө биздин үй жана анын айланасындагы имараттар түрүттүрүлбөй турганын айтышкан. Ошондуктан биз тынчсызданган эмеспиз. Ири суммада каражат жумшап, үйдү толугу менен ремонт кылып, короосун жакшыртканбыз", - деди ал.

Мулложановдун айтымында, коңшуларынын эч кимиси бул үйдөн көчүп кетүүнү каалабайт. "Имарат Душанбенин административдик жана маданий борборунда жайгашкан. Бирок шаардын бийлиги тургундардан сурабастан эле аларды бул аймактан кетирүүгө аракет кылууда. Душанбедеги курулуштар 2017-жылы президенттин уулу Рустам Эмомали мэр болгондон кийин кескин көбөйдү", - деди саясий серепчи.

Бийлик Душанбедеги эски имараттардын, анын ичинде тарыхый жана маданий эстеликтердин түрттүрүлүшүн шаар куруунун башкы планы менен түшүндүрүп келет. Ошол эле маалда ал башкы планды жогорку кызматтардагы аткаминерлерден башка шаар тургундарынын эч кимиси көргөн эмес. Мэрия документ баш калаанын бардык коммуникациясы менен инфраструктурасын жашыруу үчүн коопсуздук максатында купуя сакталып турганын билдирип, дагы кайсы тарыхый жана маданий имараттар түрттүрүлө турганы жөнүндөгү суроолорго жооп бербей келет.

"Душанбенин башкы планы жашыруун. Эмнеге? Анткени бул биздин коопсуздугубуздун негизи. Тактап айтканда, биз аны террористтик жана экстремисттик коркунучтардан улам жашыруун кылганбыз. Эгер башкы план жана шаардагы курулуштар тууралуу суроолоруңар болсо, биз аларды жазуу түрүндө гана кабыл алабыз", - деди Душанбе мэринин биринчи орун басары Жамшед Табарзода.

XS
SM
MD
LG