Ссылки доступа

Бээжинде кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи өттү


Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылышы. Бээжин, 20-февраль 2022-жыл
Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылышы. Бээжин, 20-февраль 2022-жыл

20-январда Кытайдын баш калаасы Бээжин шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи өттү.

Оюндардын жүрүшүндө жалпысынан cпорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду.

Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунду Норвегия, экинчи орунду Германия жана үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Орусия тогузунчу болуп калды.

Орус спортчулары кызытма ызы-чуусунан улам Орусиянын Олимпиада комитетинин желегинин алдында катышты. Сыйлоо учурунда улуттук гимндин ордуна Петр Чайковскийдин чыгармасы ойнотулуп жатты.

Быйылкы Олимпиада коронавирус пандемиясынан улам катаал чектөөлөрдүн шартында өттү. Баардык спортчулар жана аларды коштоп келген адамдар улам тест тапшырып, эки жакка ээн-эркин чыга алышкан жок.

Кытайдагы адам укуктарынын басмырланышына байланыштуу АКШ баштаган бир катар мамлекеттер бул оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялашкан.

Кыргызстандан бул жолу бир гана спортчу Максим Гордеев лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча күчүн сынады. Ал 88 лыжачынын арасында таймашып, марага жетпей калды.

Кийинки Кышкы Олимп оюндары 2026-жылдын февраль айында Италияда өтөт.

XS
SM
MD
LG