Ссылки доступа

Адвокат: Инандыдан алгачкы көрсөтмөнү басым жана кыйноо менен алышкан


"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын түрк тергөөчүлөрүнө берген алгачкы көрсөтмөлөрү катуу басым жана кыйноо аркылуу алынган. Бул тууралуу 20-февралда "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди.

Жактоочунун айтымында, 3-февралда өткөн соңку сот отурумунда Инанды эч бир террордук уюм менен байланышы жоктугун, кармалган алгачкы 37 күн бою басымга кабылганын, биринчи көрсөтмөлөрү ошондо жаздырып алынганын кайталап айтты.

Анкара шаарынын Жогорку сотунда өтүп жаткан соттук жараяндын кийинки отуруму 14-апрелге белгиленди.

Адвокат Инандынын бир колу аны Кыргызстанда кармоо учурунда машинанын дөңгөлөгү астында калып сынганын, операция алигүнчө жасала электигин билдирди жана аны Түркияга кайсы өлкө аркылуу алып кетишкени дагы деле белгисиз экенин, себеби көзү таңылган бойдон алып жүрүшкөнүн кошумчалады.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Айыптоо корутундусунда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялаган түрк бийлиги бул үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылды 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG