Ссылки доступа

OCCRP: тажик чиновниги Косим Рохбардун швейцариялык банкта 9 млн. доллары болгон


Косим Рохбар (Косим Косимов)
Косим Рохбар (Косим Косимов)

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) Швейцария банкында Тажикстандын мурдагы айыл чарба министри Косим Рохбардун эсеби болгонун аныктады.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, банк эсебинде 2004-2011-жылдар аралыгында 8 миллион 883 миң франк ($9.642.458) сакталып турган. Аткаминердин каржы булагы белгисиз.

Мыйзам боюнча тажик чиновниктерине чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк алууга жана акча сактоого тыюу салынган.

"Озоди" радиосу бул маалымат боюнча Косим Рохбардон комментарий ала алган жок.

OCCRP'нин иликтөөчүлөрү Косим Рохбарду тажик президенти Эмомали Рахмондун жакын кишилеринин бири деп эсептейт. Ал бир убактарда өлкөдөгү негизги экспорттук товарлардын бири болгон пахтанын сатылышын көзөмөлдөп турган.

Косим Рохбар (Косим Косимов) 58 жашта. Быйыл январь айында Гиссар шаарынын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин Тажикстан президентинин алдындагы Жергиликтүү өнүгүү комитетинин төрагасы, Хожент районунун башчысы болуп иштеген.

2008-2015-жылдар аралыгында ал айыл чарба министри кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG