Ссылки доступа

Өзбекстан: Билим берүү министрлиги акимчиликтерди мугалимдерге кысым көрсөтүүдөн оолак болууга чакырды


Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги шаар жана район башчыларына кайрылып, мугалимдердин ар-намысын түшүрүүгө жол бербөөгө үндөдү.

Министрликтин катында мугалимдерди кесиптик милдеттеринен башка жумуштарга тартуу — алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратары, кадыр-баркын түшүрүп басмырлоо — "мамлекеттик саясатты атайылап үзгүлтүккө учуратуу" катары бааланары жазылган.

Февралдын башында Анжиян облусунун Мархамат районундагы №72 мектептин мугалимдери билим сапатынын төмөндүгү жана жогорку окуу жайларга тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн саны аз болгондугу үчүн ата-энелерден кечирим суроого мажбурланышкан. Бул коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Мугалимдердин видеосу соцтармактарда жарыялангандан кийин элдик билим берүү министри жана Мархамат районунун башчысы окутуучулар менен жолугуп, кечирим сурашкан.

Бул окуядан кийин район акимине сөгүш жарыяланып, орун басарлары кызматтан алынган. Мындан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мектеп директору да жумуштан бошотулган.

Эки жыл мурун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мугалимдерди кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышпаган жумуштарга тартуу терең тамыр алганын айтып, буга тыюу салынарын жарыялаган.

Президенттин эскертүүсүнө карабай, Өзбекстанда мугалимдер мажбурланган эмгектин жаңы түрлөрүнө (шайлоого байланыштуу жумуштардан тартып калктын иш менен камсыздалышы жөнүндө маалымат топтоого чейин) тартылып келишет.

XS
SM
MD
LG