Ссылки доступа

АКШнын элчилиги Орусияда теракттар болушу мүмкүн деген билдирүүлөр бар экенин эскертти


АКШнын Москвадагы элчилиги
АКШнын Москвадагы элчилиги

Жекшемби күнү кечинде АКШнын Москвадагы элчилиги Орусияда жүргөн америкалык жарандарды эл көп топтолгон жерлерде сак болууга чакырды.

Элчилик ЖМКлардагы билдирүүлөргө таянып, Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда, ошондой эле орус-украин чек арасына жакын жердеги аймактарда соода борборлорго, темир жол жана метро станцияларына кол салуу коркунучтары бар экенин эскертти. Ошол эле маалда элчилик кеп ЖМКлардагы кайсыл билдирүүлөр жөнүндө болуп жатканын так көрсөткөн эмес.

Акыркы апталарда Орусиянын түрдүү шаарларында жардыруучу заттар бар экендиги тууралуу билдирүүлөрдөн улам коомдук жайлардан адамдар эвакуацияланган учурлар катталган. Бирок алардын биринде да эч кандай заттар табылган эмес.

Элчиликтин билдирүүсүндө америкалык жарандарга карата "АКШ өкмөтүнүн жардамы каралбаган эвакуациялык пландарды иштеп чыгуу" чакырыгы да жазылган. Буга чейин Мамлекеттик департамент АКШ жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Бирок Орусияда жүргөн жарандарына өлкөдөн чыгып кетүү сунушу берилген эмес.

АКШнын жетекчилиги Чалгын кызматынын маалыматтарына таянып, Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага кол салуу тууралуу чечимди кабыл алып койгон деп эсептөөдө. Ошол эле маалда Вашингтон Путинди дипломатиялык жолду тандап алууга көндүрүүгө мүмкүн деп үмүттөнүүдө.

Жекшемби күнү Ак үйдө президент Жо Байдендин, мамлекеттик катчынын жана коргоо министринини катышуусунда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, Украинанын айланасындагы абал талкууланган.

Акыркы күндөрү АКШ менен Улуу Британия жакынкы убакта Орусия Украинага кол салышы мүмкүн экенин бир нече жолу эскертишкен. Орусия мындай ниети жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG