Ссылки доступа

Казакстанда январь окуялары боюнча 52 киши соттолду


Январь окуялары боюнча 107 кылмыш иши айыптоо кортундусу менен аяктады. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги билдирди. Алардын көпчүлүк бөлгүгү “уурулук”, “курал-жаракты мыйзамсыз сактоо же уурдоо” фактыларына тиешелүү.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов билдиргендей, ушул тапта 86 кишинин иши сотко өттү, 52 адам соттолду.

Алардын 39унун эркиндиги чектелди, 13 адам камалды. Мындан сырткары ушул эле иштердин алкагында сот 34 айыпталуучунун бөгөт чарасын карап жатат.

Учурда ички иштер органдары 2729 кылмыш ишин иликтеп жатышат. Алар боюнча 250 адам кармалган. Кылмыш иштеринин көбү “уурулук”, “башка бирөөнүн мүлкүнө атайылап зыян келтирүү” жана “куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери менен козголгон.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 21-февралда соттун санкциясы менен 469 киши камакка алынганын кабарлады. Мунун ичинен “террорчулук актысы” менен 46 иш, “жапырт башаламандык” менен 45 иш тергелүүдө.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү белгилүү.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

XS
SM
MD
LG